www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин президенти Владимир Зеленский азыр “шайлоо өткөрчү убакыт эмес” деп эсептейт. Мындай пикирин ал 6-ноябрда кезектеги видеокайрылуусунда билдирип, шайлоо маселесин азыр талкуулоонун өзү “жоопкерчиликсиз” жана “жеңил ойлуулук” экенин айтты.

"Азыр согуштук абалда экенибизди баарыбыз түшүнүп турабыз. Көптөгөн коркунучтар тооруп турган чакта коомчулукка шайлоо темасын жайылтуу жеткен жоопкерчиликсиз мамиле", - деди Зеленский.

Өлкө биримдикте иштеши зарылдыгын белгилеген украин лидери “Бардык суроолорго жооп берүүчү, жаңжалдарга жана кимдир бирөө Украинага каршы оюн жүргүзүшүнө мейкиндик калтырбаш үчүн коомчулукка тийиштүү жоопторду берүүчү мамлекеттик структуралар иштеп жатат", - деп кошумчалады.

2024-жылы президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүү темасы соңку кезде Украинанын контрчабуулу ийгиликтүү ишке ашпай, Зеленскийдин мурдагы тарапташтары жана аскерлер арасында ага нааразылык жаралып жаткан чакта активдүү талкуулана баштады.

Зеленскийдин президенттик ыйгарым укуктары 2024-жылдын май айында аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости