www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө эки күн ичинде 667 бейтап кайрылган. Бул тууралуу 19-декабрда ооруканадан билдиришти.

Алардын ичинен 314 бейтап ооруканага жаткырылган. КРВИ менен 422 бейтап жаткырылган, алардын 221и ооруканага жаткырылган, көбүнчө балдар.

«Балдар оор абалда дене табы 40 градуска чейин көтөрүлүп, калтырак басып жана дем алуусу начарлап жаткырылган. 19-декабрга карата абалы оор болгондуктан 21 бала жандандыруу бөлүмүндө жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ооруканадан дарыгерлер чыңалган режимде иштеп жатканын белгилешти. "Бүгүнкү күндө оорукана 684 бейтапка толуп (оорукана 500 орунга ылайыкталган), бөлүмдөрдө 45тен 50гө чейин бейтап бар, алардын 548и КРВИ менен оорушууда жана көпчүлүгү жаш балдар", — деп белгилешти ооруканадан.

Дарыгерлерден КРВИнин алгачкы белгилери байкалганда үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууну, ал эми ҮМБнын дарыгеринин көрсөтмөсү менен гана ооруканага кайрылууну суранышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости