www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ойт берме Бакыт Сыдыковдун чама-чаркына саресеп

Учурдагы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарына карата коомдо сын-пикирлер абдан көп. Бул чакырылыштын депутаттары өз милдеттерин аткара алышпай, президент Садыр Жапаровдун кол жоолугуна айланышып, кадыры калган жок. Казино мыйзамынын кабыл алышканы, Кемпир-Абадды Өзбекстанга өткөрүп беришкени аркылуу элдин назарынан биротоло калышты. Мындай абал өз кезегинде Жогорку Кеңештин аброюна көлөкө түшүрүп, парламент өз милдетин аткарууда алсыздык кылып, президенттин көзүн караган шалга айландырды. 

Элибизде көч башы кайда барса аягы ошол жакка барат дегендей, өздөрүнүн функционалдуу милдеттерин аткара алышпай жалтаңдык, чабалдык кылып жатышкан депутаттардын көч баштаган лидерлери кимдер деген суроо жаралат? Биз мына ушул 7-чакрылыштын лидерлеринин чама-чаркы кандай экенине саресеп салып көрөлү. Бүгүн айтылуу Үсөн Сыдыковдун уулу депутат Бакыт Сыдыков тууралуу учкай кеп кылабыз.

Ойт берме Бакыт Сыдыков…

Мына азыркы тапта парламенттеги негизи күч болуп, саясий абалды аныктап жаткан 15 депутаты бар «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковду алалы. Сыдыков өз кезегинде Бакиевдин чачпагын көтөрө чуркап жүрүп, атасы Үсөн Сыдыковдун аркасы менен «Манас» аэропортун жетекчи болду. 2010-жылкы революциядан соң, ити чөп жеп баштаган Бабановдун этегине эрмешип, жакасына жармашып «Республика – Ата-Журт» партиясынан депутат болду. Анан 2020-жылы революциядан кийин Садыр Жапаровго ооду. Баягы, ичип-жеп көнгөн «Манас» аэропортун басып жыгылды. Коллектив кабыл албай нааразычылык акциясын тынымсыз өткөрө беришип, ал жактан сүрүлүп чыкты. Анан акча чачып Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Бакыт Төрөбаев өкмөткө вице болуп кетип, «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын эки тизген бир чылбырын кармап калды. Кызыгы, аталган партиядан башка колго илинген ырыстуу, сабаттуусу жок болгондуктанбы, бир мандаттуу округдан шайланып келген Сыдыков лидер болуп алды. Кыйын дегени Сыдыковдун кейпи бул болсо, анан кантип Жогорку Кеңештин кадыры кетпейт?

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости