www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шымкентте сот реалдуу убакыт режиминде интернет аркылуу порнографияны жайылтуу менен алектенген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун уюштуруучусун 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Казакстандын полициясы билдирди. 

Полициянын маалыматы боюнча, биринчи вебкам-студиясы 2021-жылдын июль айында аныкталган. Андан соң оперативдүү кызматкерлер беш кыргызстандык жана беш казакты кармашкан. Алардан 44 миң долларга жакын акча, Алматыдагы кыймылсыз мүлктөрү жана баңгизаты алынган.

Чоң шаарларда ижарага алынган батирлерде жабдылган ондон ашык веб-порно-студиялар бар экени, ал тургай котормочу-операторлор чет өлкөлүктөр менен баарлашууга тартылганы аныкталган. Анда 50гө жакын кыз иштеген, анын ичинде эки жашы жете элек кыз бар. Тергөөнүн маалыматына караганда, алар негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн, сырткы келбети жагымдуу, жогорку маяна убада кылган кыздарды жумушка алышкан.

Тергөө учурунда бул трансулуттук топту уюштуруп, жетектеген 25 жаштагы кыргызстандык А.Ш аныкталып, үй-мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга, калгандары үч жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости