www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги Сузак райондук билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып, үстүбуздөгү жылдын 25-майында №16 С. Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебиндеги “Акыркы конгуроо”салтанатында катталган окуя тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

Маалыматка караганда, аталган мектептин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү салтанаттуу иш-чара өтүп жаткан аянтка кирип келе жаткан. Бүтүрүүчүлөрдүн бири А. Ж. пиротехникалык каражатты күйгүзүп жаткан мезгилде 7-класстын окуучусу Ж.М. жанына бара калган, аны эч ким чакырган эмес. Натыйжада окуучу Ж. М. жүзү күйүп калган. Учурда ал Жалал-Абад шаардык ооруканасында, абалы жакшы.

«Мындан улам №16 С. Акбаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин убактылуу директордун милдетин аткаруучу А. С. Нажмидинов жана директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары М.Абдуллаходжаева ээлеген кызматынан бошотулду»,-деп жазылат маалыматта.

Буга чейин ушул эле мектепте чөгөлөп кечирим сураган окуучу кыздын видеосу социалдык тармактарга тарап, талкуу жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости