www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Султан Макилов №26 шайлоо округунда добуш сатып алуу үчүн камдалган делген 460 миң сом менен кармалган шектүүлөр боюнча “МедиаХабдын” журналистине комментарий берди.
“Акча таратып жаткан жеринен бир жаранды кармаганбыз. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) боюнча айып тагып, ишти жакын арада сотко кетиребиз. Кармалган киши талапкер Саккараев жөнүндө айтыптыр, бирок Саккараев менен анын эч кандай байланышы жок экен. Азыр тергөө иштери уланып жатат, мен анын баштапкы жыйынтыктарын айтып жатам”, – деди журналистке жооп берип жатып Султан Макилов.
Эскерте кетсек, 29-ноябрь күнү Фейсбукта Кемин районунда добуш сатып алууга шектелген бир нече адам кармалганы тууралуу видео жарыялаган. Тасмада кармалган адамдардын жүздөрү көрсөтүлгөн эмес, алар турган жерде 1000 сомдук жана 5000 сомдук акча тутамдап турганы тартылган.
Кармоо 28-ноябрда болгону маалымдалып, кийинчерээк расмий кабар берилери айтылган. Бирок, Ички иштер министрлиги ошо бойдон расмий маалымат тараткан эмес.
Булак: Азаттык