www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
26 жаштагы Айгерим Токобаеванын өлүмү боюнча тергөө иши жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде АКИpress агенттигине Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
«Сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, 2020-жылы 28-декабрда материалдар Аламүдүн райондук сотуна өткөрүлүп берилген», - деп айтылат маалыматта.
Чүй облустук сотунун басма сөз кызматынан Аламүдүн райондук сотунда аталган кылмыш иши каралып жатканын билдиришти.
26-сентябрда белгисиз адамдар Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, бычак менен 62 жаштагы Т.Ж. жана анын кызы Айгеримге кол салышкан. Айгерим оор жаракаттын кесепетинен каза болгон. Ал эми кылмышкерлер изин жашырып кетишкен.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде катталган. Бул окуя резонанс жаратып, кылмыштын бетин ачуу үчүн ИИМ, Чүй ОИИБ, Аламүдүн РИИБдин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам тергөө тобу түзүлгөн.
14-октябрда ыкчам кызматкерлер кылмышка шектүү 3 адамды кармашкан. Алар: 31 жаштагы Б.Ж. (аял киши), анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч.
Алдын ала маалыматка караганда, шектүү Б.Ж. кызганычтан улам айдоочусуна жана досуна Айгеримди өлтүрүүгө «буюртма» берген.
Кийинчерээк Б.Ж. камактан чыкканы белгилүү болгон.
Маалыматка караганда, Айгерим Токабаеванын жакындары шектүүдөн турак жай алуу үчүн тосмо арыз жазып беришкен.
Булак: NazarNews.kg