www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-августка карата аба ырайы

28-августта түнкүсүн Кыргызстан боюнча Баткен облусунун айрым жерлеринде өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, Ош облусунун өрөөндөрүндө, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31;

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 22…27;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 21…26;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 8…13 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градуска жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости