www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Статистика боюнча улуттук комитет биринчи жарым жылдыкта Кыргызстандын кайсы аймагында азык-түлүк канчага кымбаттаганы тууралуу маалымат таратты.

Былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу Нарын облусунда кымбатчылык күч алган. Тагыраагы, тамак-аш менен алкоголсуз суусундуктар 15,5 пайызга баасын жогорулаган.

Экинчи орунда Бишкек менен Ысык-Көл (15 пайызга жакын) турат.

Тамака-аштын кымбаттоосу боюнча (10,5 пайыздын тегереги) Чүй, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустары андан кийинки саптарга жайгашты.

Кымбатчылык башкаларга салыштырмалуу эң төмөн аймак — Ош облусу (10 пайыздан төмөн) болду.

Жылпы республика боюнча айтсак, жарым жыл ичинде азык-түлүктүн наркы 12,5 пайызга өскөн. 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында бул көрсөткүч 11 пайыз болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости