www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламүдүн районунда тоноочулукка шектелип беш адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин милицияга Лебединовка айылындагы түстүү металлдарды кабыл алуучу ишкананын кызматкерлерине каракчылык кол салуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн.
«Белгисиз адамдар үч чет элдик жаранды сабап салышканы белгилүү болду. Кол салгандар 3 миллион сому бар темир сейфти жана видеокөзөмөлгө түшүрүлгөн катуу дискти уурдап кетишкен. Кылмышка шектүү беш адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандардын бири жабырлануучуларга котормочу болуп иштеген. Ал кылмышты достору менен алдын ала пландаштырган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди», - деп билдиришти башкармалыктан.
Бул кылмышка шектүү катары беш адамдан турган топ кармалган:
- М.Д. 1994-жылы туулган - аткыч, ошондой эле бул кылмыштын уюштуруучусу.
- А.Н. 1995-жылы туулган,
- А.Р. 1995-жылы туулган,
- Г.М. 1995-жылы туулган, мурда аталган компанияда котормочу болуп иштеген.
- Ю.Т. 1996-жылы туулган.
Булак: NazarNews.kg