www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 1-июндан тартып жеңил унаанын айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү каттоо башталган. Бул тууралуу ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Жарандар транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк жана паспорт менен “Унаа” мекемесинин каалаган аймактык каттоо бөлүмүнө же секторуна кайрылса болот. Каттоо процедурасы 30 мүнөттөн ашпайт.
Уруксат берүүнүн наркы:
- жеке адамдар үчүн - 80 миң сомду,
- юридикалык жактар үчүн - 100 миң сомду,
- резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.
Уруксат бир жылдык мөөнөткө берилет.
Каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) транспорт каражатынын ээсинин өздүгүн күбөлөндүргөн документ же транспорт каражатынын ээсинин атынан талаптагыдай таризделген ишеним кат;
2) ушул ээсине таандык болгондугун далилдеген транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
3) юридикалык жактарга таандык жеңил транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат алган укугуна ишеним кат (юридикалык жактын жетекчисинен талап кылынбайт) жана ишеним кат берилген адамдын өздүгүн далилдеген документ;
4) транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо үчүн акысын төлөгөндүгүн далилдеген документ.
Төмөнкү негиздер боюнча уруксатты каттоодон баш тартылышы мүмкүн:
- транспорт каражат мүлкүнө карата салык боюнча карыз болгондо;
- фото жана тасма тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификацияланган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режиминде жазылып алынган бузуулар үчүн тууму жана айып пул боюнча транспорт каражатынын ээсинин карыздары жөнүндө маалыматтар бар болсо;
- мүлккө камак салуу же мүлккө чектөө коюу жөнүндө чечим бар болгондо.
Булак: NazarNews.kg