www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча агенттиктин (БАРУ) жетекчиси Төрөкан Жунусбеков өзүнүн аты-жөнү жазылган иликтөөлөрдөн улам "Бишкек 24" сайтынын журналисттерин сотко берди. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев Фейсбук баракчасына жазды. Ал Биринчи Май райондук сотунда ЖМК өкүлдөрүнүн кызыкчылыгын коргойт.

Жоошевдин айтымында, журналисттердин иликтөөсүндө сөз Чоң-Арык көрүстөнүндөгү жерлерди мыйзамсыз сатуу фактылары тууралуу болуп жатат.

«Жунусбеков журналисттер ал тууралуу чындыкка дал келбеген, ар-намысына шек келтирген маалыматтарды тараткан деп эсептеп, моралдык чыгым үчүн жалпысынан 3 миллион сом талап кылууда.

«Бишкек 24түн» журналисттери сотко бардык далилдерди келтирип, өз ишин коргоого даяр», - деди жактоочу.

«Бирок, Жунусбеков тергөө материалында тараган кайсы маалымат чындыкка дал келбей, анын ар-намысына шек келтирип жатканын азырынча чече албай жатат», — деп жазган Жоошев.

Буга чейин Төрөкан Жунусбеков шаардык кеңештин депутаты Кадырбек Атамбаевди сотко берген. Буга чейин БГКнын “Социал-демократтар” фракциясы “Бишкек сөөк кызматын көрсөтүү боюнча агенттик” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Төрөкан Жунусбековдун иш-аракети боюнча борбор калаанын мэриясына арыз жолдогон. Кызматкерлер өздөрү да арыз менен кайрылышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости