www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ДССУ: Фаст-фудду чектөөгө убакыт келди

Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча орто эсеп менен жарым миллионго жакын адам ден-соолукка зыяндуу майлар себеп болгон жүрөк-кан тамыр ооруларынан өлөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

«Транс майлар адамдын өлүмүнө алып келген уулуу заттар. Ошондуктан аларды керектөөгө толук тыюу салууга убакыт жетти. Биз өкмөттөрдү бул жагынан кескин чараларды көрүүгө чакырабыз. Бүгүнкү күндө 43 өлкө тамак-аштагы транс майлары менен күрөшүү боюнча мыкты тажрыйба саясатын кабыл алып, дүйнө жүзү боюнча 2,8 миллиард адамды коргойт. Бирок 5 миллиард адам дагы эле транс майлардын курмандыгы болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ», - дейт ДСУнун башкы директору Тедрос Гебрейсус.

Анализге ылайык, транс майларын көп колдонуу ден соолукка зыян. Бул оорунун өнүгүшүнө жардам берет. Жүрөк-кан тамыр ооруларын да пайда кылат. Ошондой эле маргарин, «фаст-фуд», жарым фабрикаттар, нан жана нан азыктары, таттуулар жана куурулган картөшкөлөр ден-соолукка терс таасирин тийгизген транс майларын көп камтыйт.

Маалым болгондой, Данияда өнөр жай транс майлары 20 жыл мурун катуу чектелген. Мындан улам бул өлкөдө жүрөк-кан тамыр оорулары бир топ азайган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости