www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жыйырма жыл мурда, 2001-жылы, 11-сентябрда төрт жүргүнчү учагын барымтага алган 19 жанкечти тарыхтагы эң чоң теракт жасашкан. Апааттан 3 миңдей адам каза болгон.

Нью-Йорк шаарындагы Бүткүл дүйнөлүк cоода борборунун кош имаратына барымтага алынган эки учак келип урунган. Үчүнчү учакты жанкечтилер Пентагон жайгашкан имаратка айдашкан. Төртүнчү учактагы жүргүнчүлөр террорчуларга каршылык көрсөтүүгө аракет кылып, натыйжада самолет Пенсильвания штатындагы талаага кулаган. Мунун баары бир убакта - 1 саат, 42 мүнөттүн ичинде болгон.

Буга жооп кылып, АКШ жана өнөктөштөрү 2001-жылы 7-октябрда "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылын, "Ал-Каида" уюмун жана башка террордук күчтөрдү жок кылуу операциясын баштаган.

20 жылдан кийин, 2021-жылдын 31-августуна карата АКШнын аскер бөлүктөрү Ооганстандан чыгып кетти. АКШнын Коргоо министрлиги Ооганстандагы 20 жылдык согушта 2325 аскери курман болгонун маалымдады.

АКШда 11-сентябрь курмандыктарын эскерүү жылдагыдай үч жерде өтөт. Президент Джо Байден Нью-Йорктогу кош мунаранын ордуна барып, эскерүү чарасына катышат. Андан кийин президент Пентагондогу үчүнчү учак кулаган жерге барат. Соңунда президент Байден жана вице-президент Камала Харрис Пенсильваниядагы төртүнчү учак кулаган Шанксвилла талаасына барып, маркумдарды эскерет.

Бүгүн, 11-сентябрда дүйнөдөгү ири массалык маалымат каражаттары "9/11" темасына арналган эскерүүлөрдү, даректүү тасмаларды көрсөтүүдө.

2001-жылы 11-сентябрдагы Америкага жасалган террордук чабуулдардан кийин кыргыз бийлиги АКШ баш болгон антитеррордук коалициянын аскерий базасын "Манас" аба майданына жайгаштырууга уруксат берген.

2009-жылы жазында аскердик база аскердик эмес багыттагы жүктөрдү ташуучу Транзиттик борбор деген макамга ээ болгон. 2014-жылы аба майданы Кыргызстандан чыгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости