www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Спикер Талант Мамытов «былтыркы октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңеш өлкөгө стабилдүүлүктү алып келүүдө негизги ролду ойногон» деп айтты, чынында парламенттин ролу кандай болгон?

- Мен бул пикирге кошулбайм. Парламент мыйзамсыз өзүнүн мөөнөтүн узартып койду. Мыйзамсыз айлыктарды алды, ыраатсыз иштеп жатат. Ошондуктан башаламандыкка Жогорку Кеңеш, депутаттар эч кандай тоскоолдук кылып, стабилдүүлүктү алып келген эмес.

Экинчиден, былтыр октябрда элге коркунуч жок болчу, аянтка он-он беш миң адам топтолгон, анда тополоң болуп, массалык кан төгүүлөр болгон эмес. Мындан улам, Талант Мамытовдун «октябрдагы окуяны биз тынчытканбыз» дегенин мактануу катары кабыл алсак болот. Чынында алар эч кимди тынчыткан эмес. Катышуучулардын жарымын камап, айрымдарын «ушул окуяга күнөөлүүсүңөр» деп качырып жиберип, анан аны стабилдүүлүк десе, анда мен аны түшүнбөйм.

- Депутаттардын ыйгарым укугу кыскарганына карабай, Жогорку Кеңешке аттанган партиялардын саны эмнеге мурдагыдан да көп?

- Балким, бизнесмендерге депутаттардын ыйгарым укуктары азайгандай көрүнөт, бирок бул андай эмес. Эң негизгиси, бул парламенттин Конституцияны өзгөрткөнгө укугу бар. Парламентке татыктуу жигит-кыздарыбыз келсе, алар Конституцияны дал келтиргенге аракет жасаса болот. Ушуга окшогон толгон-токой мүмкүнчүлүктөр арбын.

Булак: Азия News гезити

Последние новости