www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүр бою эркинен ажыратылган 78 жаштагы АКШнын жараны Сэмюэл Литтл 35 жылда 90 адамды өлтүргөндүгүн айтты. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты.
Буга чейин Сэмюэл Литтл 3 аялды өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою соттолгон. Ал дагы бир аялдын өлүмү боюнча суракка алынганда 35 жылда 90 адамды өлтүргөндүгүн мойнуна алган. Ал өлтүргөн адамдардын баары анын эсинде экендигин да кошумчалады.
Сэмюэл Литтл бокс менен алектенгендиктен, адамдардын ээсин оодарып, муунтуп өлтүргөн. Эч кандай курал жарак колдонгон эмес. Көпчүлүк учурда полиция маңзатты ашыкча колдонду же өзүн өзу өлтүрдү деп ишти жаап коюшкан. Сэмюэл Литтлдин ден-соолугу начар. Ал жакын арада түрмөдө каза болуусу мүмкүн,- дейт дарыгерлер.
Эске салсак, ал маңзат колдонгон жана сойкулук менен алектенген аялдарды өлтүрүп жүргөн.
Булак: NazarNews.kg