www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууда шектүү жагдайлар бар экенин айтып, Орусиянын “Вега радиокуруу концерни” тандалганын сындап чыкты.- Байланыш комитети “Коопсуз шаарды” “Вега радиокуруу концерни” Кыргызстандагы филиалы ишке ашырат деп айтууда. Бирок, анын филиалында эки кыргыз баланын ысымы чыгып жатат. Бири Биринчи Май районунун мурунку акими Шаймерден Аканбаев, дагы бири Шаймурдинов экен. Документтерде ошолор кожоюн катары аталып жүрөт. Орусиялык чоң бир компаниянын башына кантип эле кыргыз балдар барып калат? Мына ушунун өзү “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун артында толтура суроолор көп экендигинен кабар берип турат. Менде мындан башка коррупциялык элементтер жөнүндө фактылар толтура, - дейт Момбеков.
Булак: NazarNews.kg