www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
3800 доллар жана алтын буюмдарды уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Кылмыш 2-февралда Аламүдүн районунда болгон. Ошол күнү жергиликтүү тургундун үйүнө уурулар кирип, 3800 доллар (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 371 000 сомдон ашык) жана алтын буюмдарын уурдап кетишкен.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.С. кармалып, СИЗО-1ге киргизилген.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg