www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордогу мектептерде окуган 4-класстын окуучулары айдоочуларга кат жазышты. Маалыматка ылайык, биринчилерден болуп бул акцияга Бишкектеги №12 гимназия-мектебинин окуучулары катышты. Катта окуучулар айдоочуларга унаа айдап бара жатканда жолго көңүл буруусун, жөө адамдар өтүүчү жерден адамдарга жол бошотуп, жол эрежелерин сактоону суранышкан.

Мындай акциялар чоңдор үчүн дагы, балдар үчүн дагы абдан маанилүү. Баланын жол эрежесин сактоону суранган катын алган айдоочу ага карата кайдыгер калбаса керек. Ал эми балдар дагы өз кезегинде жолдо жүрүү эрежелерин сактоого үйрөнүп жатышат. Эң негизгиси, балдар айдоочуларга жазган каттарында акыркы кезде көп катталып жаткан жол кырсыктарына тынчсызданып жатышкандарын билдиргени маалымдалган.

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости