www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” “Эки бир” программасында  Бажы кызматындагы коррупция схемасы менен Кыргызстандан мыйзамсыз чыккан 700 млн доллар тууралуу иликтөөдө бажы кызматынын мурунку төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун атын атап жаткандары үчүн  ММКны сындады. 

Ал Матраимовду каралоону токтотууга чакырды жана аны бүткүл өлкөгө “монстр” кылып көрсөтпөөнү айтты.  “Раим Матраимов өтө деле чоң кызматта иштеген эмес, эң көп болсо бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон. Ал министр да, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт”, -дейт саясатчы. 

21-ноябрда “Азаттык” радиосу, OCCRP, жана Kloop.kg сайты биргеликте Кыргызстандан 700 млн доллар мыйзамсыз чыкканы тууралуу иликтөөнүн 2-бөлүмүн чыгарган. Иликтөөнүн ичинде аты аталган ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбулда өлтүрүлгөн. Ал журналисттерге бажы кызматындагы коррупциялык схемага бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун катыштыгы бар деп айткан.  

Райымбек Матраимов Кыргызстанга келип өзү жөнүндө бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин айтып, “Азаттык” берген маалымат чындык эмес экенин жана аны далилдөөгө даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости