www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сокулукта 9 жаштагы кызга кошунасы ыплас аракеттерди жасаган.
2023-жылдын 6-февралында Т.Н. аттуу жаран милицияга кайрылып, Максат аттуу кошунасы анын 2013-жылы төрөлгөн кызына карата 2022-жылдын декабрь айынан бери ыплас аракеттерди жасап жүргөнүн айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Сокулук районунда 2013-жылы төрөлгөн кызга карата ыплас аракеттерди жасоо боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, жабырлануучунун айтымында укук коргоо органдары ишти териштирбей, медициналык кароодон өткөзбөй, айыпталуучу тарапка тартып жатканын «NazarNews» маалыматтык агенттигине билдирди.
Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:
«Мени кошуналарыма каршы тукуруп, айылдан чыгарабыз деп коркутушууда. Мен балдарымды өз алдымча бага алам. Кудайга шүгүр, иштеген ишим, төбөмдө үйүм бар. Кызымды эч нерседен кем кылбай келем. Ал фортепиано ойноп, мектепте үлгүлүү окуучулардын бири. Бирок, бул окуялардан кийин тамак ичпей, ден-соолугу начарлап, түндө уктай албай кыйналууда. Азыркы учурда ооруканада жатат», - деп айтты жабырлануучунун апасы.
Булак: NazarNews.kg