www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин эң жакын адамы Фарид Ниязов Кой-Таштагы окуя боюнча 8-августта ИИМге суракка чакырылып, 48 саатка камалган. Анын бөгөт чарасы бүгүн, 10-августта каралат.
Сот бүгүн аны канча жылга кесилээрин билдирет, күтө туралы! Негизи ал соттолушу керек, себеби, ал 7-августта болгон окуяда барымтага алынган күч органдарынын балдарын бошотуу элдин колунда деп айткан, эртеси болсо “биздин талаптар аткарылган жок, ошондуктан кое бербейбиз”,- деген. Ал дал ушул маселе боюнча суракка алынууда.
Эскерте кетсек, 8-августта Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча Жазык кодексинин алты беренесинин негизинде («Массалык башаламандык», «Бейбаштык», «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук» жана «Туткунга алуу») кылмыш ишин козгосо, ошонун негизинде ИИМ сотко чейинки тергөө амалдарын баштаган.
Булак: NazarNews.kg