www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы кездерде кыргыз сотторунан үй камагына чыгып, сырттан сурак берген учурлары көбөйүп кетти. Кызыгы алардын көпчүлүгү мамлекеттик чиновниктер экени белгилүү. Болгондо да миллиондорду сугунуп, болуп көрбөгөндөй кылмыштар мойнуна илинип, бирок ээн эркин басып жүргөнү коомчулукта жакшы эле нааразычылыктарды пайда кылууда. Эмнегедир акыркы кезде мындай жолго баруунун ыкмаларын да өздөштүрүп алышкандай. Кайсыл гана чиновник абакка алынбасын, бир ай өтпөй оорулуу болуп чыгаары белгилүү. Мунун арты айрымдарын абактан алып чыгып, үй камагына кириптер кылууда. Жемкорлордун бири, 2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалып абакка алынган, аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев дагы үй камагына чыгарылганы белгилүү болду. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү кечээ ырасташкан. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.

Ушундай аракеттерден улам ой келет. Азыр коомдо баарын сатып алып, сатып ийгенге да болот. Сотунан баштап баары сатылып жатканы жашыруун деле эмес. Эгер эртең өлкөнү башкаруу үчүн 100 миллионду жеп, анын 50 миллионуна сотторду сатып алса болот деген жасалма жетекчилер, тендерди уюштуруучулар атайын ошондой арам ой менен келбесине кепилдик барбы? Ойлонуп да көрүү керек. Жегичтер четинен эле жеңилдик алып атышса, ушуну айтпаганда не демек элең?, дейт "Факты.kg" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости