www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2014-жылы «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган аэропорттун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. 

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 2-октябрда кабыл алган. Бул тууралуу маалыматты соттун өкүлдөрү 14-октябрда ырасташты. Ага ылайык, Бегалиев 30-ноябрга чейин үй камагында болот.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Аталган иштин алкагында 30-сентябрда 2014-жылы «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, учурдагы Бишкек филиалынын башчысы Мирлан Бегалиевдин камакка алынганы кабарланган болчу.

Мирлан Бегалиев өзүнө козголгон иш боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости