www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдиги химиялык курал колдонуу жана жайылышына салым кошту деген негиз менен россиялык жана сириялык жетекчилерге карата санкцияларды узартты.

Европа Биримдиги Кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Сирия Илимий эмгек жана Изилдөө Борбору (SSRC) менен Россиянын аскердик чалгындоо кызматы (GRU)нун жетекчилери да болгон 9 кишиге салынган санкциялардын мөөнөтүн 2020 -  жыл 16 -  октябрга чейин узартылгандыгы билдирилди.

Санкция тизмесинде Британиядагы Солсбери окуялары менен байланышы бар экендиги айтылган ГРУнун башкы директору жана орун басары менен эки жетекчи бар. Тизмеде ошол эле учурда химиялык куралдарды чыгарган жана SSRC Суюктук деңгээлин башкаруу  мекемеси менен байланышы болгон 5 жетекчи да бар.

Европа Биримдиги өлкөлөрүнө саякатка чыгууга тыюу салуу, кишилердин жана мекемелердин мал  - мүлкүнүн тоңдурулушун камтыган санкциялар химиялык куралдардын колдонулушуна жана жайылышына тоскоол болууну максат кылууда. Европа Биримдигиндеги киши жана мекемелердин да бул тизмедегилерге фонд түзүшүнө тыюу салынууда.

Британия тышкы чалгындоо кызматы MI6 үчүн иштегендиги ортого чыгары менен өлкөсүндө камоого алынган жана андан кийин чалгынчы алмаштыруу менен Британияга барган орусиялык агент Сергей Скрипал менен кызы Юлия өткөн жылы Солсбериде Советтер союзу мезгилинде чыгарылган химиялык курал менен ууландырылган.

Буулак: "trt.net.tr"

Последние новости