www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу жаңы түзүлгөн «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы дары-дармектерди чыгаруучу заводдорду курууга инвесторлорду тартуу боюнча канчалык деңгээлде ишеним актайт деген маселе коомчулукта кызуу талкууланууда.
Анткени, "Көчмөндөр мурасы" холдинги түзүлүп, миллиарддаган сом талаага чачылып кеткендей көрүнүш кайталанбайбы деген кооптонуу күч экени байкалды.
Дегенибиз, Финансы министрлиги “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына 2023-жылы 500 миллион сом өлчөмүндө акча бөлүп жатат. Планга ылайык келерки жылы да ушундай көлөмдөгү каражатты кароо тапшырмасы берилди. Мындан тышкары ишкананын кызматкерлерине эмгек акы төлөө фондусу 30 миллион сомду түзөт.
Мындан улам, ири өлчөмдө бюджеттен каражат сарпталып түзүлгөн ишкана – мамлекеттик медициналык мекемелерди, андан кийин калкты дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен кыйла жеткиликтүү баада камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга принциптүү жаңы мамилени камсыз кылуу сыяктуу алдына коюлган милдетти аткара албай, максатына жетпесе миллиондогон каражат көккө сапырлып кетпейби деген чочулоо бар.
Албетте, жакшы иш илгерилеп, натыйжасын берсин дейли. Бирок "Көчмөндөр мурасы" холдингинен кийин оозу күйүп калган жагдайдан улам, айранды дагы үйлөп ичүү керек болуп жатат өңдөнөт.
Булак: NazarNews.kg