www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык ырчы Мадонна кооптуу бактериялык инфекция менен ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге калтырды. Бул тууралуу менеджери Гай Осири Instagram баракчасына жазды.
Анын айтымында, бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан 64 жаштагы ырчынын абалы жакшырып баратат, бирок дагы эле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал гастроль качан болору тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди.
Page Six порталы жазгандай, Мадонна эс-учун жоготкон абалда 24-июнда Нью-Йорктогу ооруканага жеткирилген.
64 жаштагы Мадоннанын музыкалык карьерасынын 40 жылдыгына арналган дүйнөлүк турне 15-июлда Ванкуверде башталып, Канада, АКШ жана Европанын 35 шаарында 84 концертти камтышы керек эле. Гастролду 2024-жылдын январында аяктоо пландалган.
Булак: NazarNews.kg