www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда 7 млн.рубльга айыпталып камалып кеткен Айнагүл Борбуева сот залынан бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Андагы маалыматка караганда, 2023-жылдын 31-майында Новосибирск облустук соту Айнагүл Борбуеванын адвокатынын даттануусун канааттандырып, Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотунун 2022-жылдын 27-октябрындагы өкүмүн өзгөртүп, Кыргыз Республикасынын жаранын сот залынан бошоткон.

Эске салсак, 2021-жылдын ноябрь айында Новосибирск шаарында иштеп жүргөн Кыргызстандын жараны Айнагүл Борбуева Новосибирск шаарынын ички иштер кызматкерлери тарабынан РФ Кылмыш кодексинин 158-беренесинин 4-бөлүгүнө (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган уурулук) ылайык кылмышка шектүү катары кармалган.

Кылмыш ишинин материалдарына ылайык, 2021-жылдын 5-ноябрында РФ жараны В.С. 2021-жылдын 3-ноябрынан 4-ноябрына караган түнү мас абалында көчөгө 7 миллион рубль менен сумкасын унутуп кеткендигин айтып арыз менен кайрылган. Укук коргоо органдары тарабынан видеокөзөмөл камералары аркылуу сумканы КР жараны А.Борбуева алып, жумушуна алып барып койгондугу аныкталган.

2022-жылдын апрель айында кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, иш Новосибирск шаарынын Октябрь райондук сотуна өткөрүлүп берилген. 2022-жылдын 27-октябрында Новосибирск шаарынын Октябрь райондук соту Кыргызстандын жараны А.Борбуевага карата айыптоо өкүмүн чыгарып, аны 2 жыл 6 айга эркинен ажыраткан болчу.

Бул маселе КР Тышкы иштер министрлиги менен КР Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун көзөмөлүндө болуп, Кыргыз Республикасынын жараны А.Борбуеванын жакындары жана жактоочулары менен түз байланышта тиешелүү консулдук юридикалык жардам көрсөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери А.Борбуевага карата бардык соттук отурумдарга катышкан.

Последние новости