www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 17-августта каралууга тийиш болгон «75чилердин» иши боюнча сот отуруму 24-августка жылдырылды.

Маалыматка караганда, отурумга айыпталуучулардын биринин адвокаты келбей калгандыктан, соттук териштирүү башка күнгө жылдырылган.

Иш шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун өкүмүнө каршы берилген апелляциялык арыздын негизинде каралууда.

Эске салсак, 2-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «75чилердин» иши боюнча өкүм чыгарган.

Сот УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, экс-спикер Нурланбек Тургунбек уулу, Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асановду «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркиндигинен ажыраткан.

Ошол эле учурда аларга үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонулган.

Ал эми «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча бардык айыпталуучулар акталган.
Апелляциялык сот отуруму 24-августта улантылат.

Последние новости