www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI чакырылыштагы КР ЖК ишмердүүлүгүн чагылдыруу үчүн аккредиттелген ЖМК өкүлдөрүнүн тизмеси
8 миӊден ашуун кыргызстандыктар мекенге келүүгө муктаж. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

11-майда, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйыны өттү. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу маалымат угулду.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Тазабек Икрамов азыркы учурдагы кырдалга байланыштуу чет жерде калып, өлкөгө кире албаган журтташтардын абалы күндөн күнгө кыйынчылыкка кабылып жатканын көтөрдү: «Россия тарапта бир топ, ал эми Пакистандан 178 адам жардам сурап келе албай жатат. Алардын транспорт каражаттарына төлөөгө шарттары бар, болгону алардын келишин аткаруу бийлиги уюштуруп бериши керек».

Өз кезегинде Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров «58 мамлекеттен 8 миӊ жаран келүүгө муктаж», - андыктан аларды жакын арада алып келүү боюнча  аракеттер жүрүп жатканын кабарлады.

Булак: NazarNews.org

Последние новости