www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылушууга байланыштуу Баткенге жардам чогултуу уланууда.

Баткендеги жоокерлерге жардам берүү үчүн 85 жаштагы Сонунбүбү апа да келген.

Ал чек арадагы жоокерлерге жардамы түз жетүүсүн өтүнгөн.

«Чек арадагы жоокерлерге 1000 сом алып келдим, көзүмө операция жасатпаганынмда мындан да көбүрөөе бермекмин», - дейт Сонунбүбү апа.

Бишкекте кайрымдуу жарандар гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарына тамак-аш, кийим-кече, гигиеналык каражаттарды жана дары-дармектерди алып келүүнү улантууда.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, борбор калаанын ар бир районунда Тажикстандын кол салуусунан жапа чеккен Баткендин жашоочулары үчүн азык-түлүктөр чогултулду.

Эске салсак, Баткенге жалпы 775 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости