www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылы 9 айда мамлекеттик бюджетке 145 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. Бул тууралуу маалымат жыйынында КР экономика жана финансы министри Бекболот Алиев билдирди.

Анын айтымында, 9 айда мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 145,2 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 41,4%га көп болгон.

«Муну менен биз учурдагы бюджетти аткаруу ички булактарды максималдуу колдонуунун негизинде келгенин айткыбыз келди: бюджетти толуктоо жана бюджет боюнча негизги чыгашаларды учурдагы ички кирешелер менен жабуу», – деди ал.

Анын ичинде салык кирешеси 46,6%га өсүп 107,4 млрд сомду, ал эми салыктык киреше 44,5%га өсүү менен 31,8 млрд сомду түзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости