www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Кытайга болгон карызын төлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча макулдашууну жактырды. Эмнеге жылдыруу сунушталды жана кандай шартта?
- Экономика жана каржы министрлиги Жогорку Кеңешке «Кытайга болгон карызды төлөй албай калдык, акчаны төлөө мөөнөтүн дагы алты жылга жылдырып бергиле деп келди. Төлөй албай калгандын себеби пандемия, экономикалык каатчылыкка шылташты.
Карыздын суммасы 51,1 млн.долларды түзөт экен. Албетте, Кытай мамлекети муну жөн эле жылдырып койбойт. Мөөнөтүн узартканыбыз үчүн 3 миллиондон ашык доллар кошумча каражат карыз болуп жатабыз. 3 миллион доллар болгону эки эле пайызды түзөт, «жеңилдетилген» деп айтышканы менен биздин өлкө үчүн негизги карыздын үстүнө дагы кошуп берүү деле кыйын болот.
-Документ боюнча каражат кайсы жакка жумшалыптыр жана аны төлөөдө кайсы булактар көрсөтүлгөн экен?
Мындай суроолорго эч ким так жооп бере алган жок. Жалпысынан сууга, электр энергиясына, жол курууга кеткени айтылды. Өкмөт ыгы жок карызданып оокат кылат эмеспи. Каражатты кайтаруу булактары катары сууга, электр энергиясына болгон тарифти көтөрүү аркылуу төлөнөрүн белгилешти.
Бул кайрадан эле элдин эсебинен алынарын айгинелейт. Бирок, алган каражаттардын басымдуусу дайыны жок кетет. Маселен, 2020-жылдагы пандемия маалында сырттан 300 миллион доллар келген. Анын эсеби жок.
Азыркы иштеп жаткандардан сурасак оң жооп бере алышпайт. Себеби, учурунда иштеп тургандардын бири камалып жатса, экинчиси кайда экени белгисиз. Карыз акча максаттуу жумшалса, аны төлөгөндө ичиң ачышпайт.
-Келишим ишке ашса, Кыргызстан алты жыл бою Кытайга карыз төлөбөйбү?
- Ооба, алты жыл төлөбөйбүз. Бирок, учуру келгенде айрым жетекчилердин айынан олчойгон сумманы берүүгө туура келет. Комитет биринчи окууда экономика жана каржы министрлиги менен Кытайлын эспорттук-импорттук банкынын ортосундагы макулдашуунун долбоорун колдодук экинчи-үчүнчү окууда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кеңири талкууланат.
Булак: Азия News гезити