www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр ар жерде айтылып жатат, каалоо, изги тилектер... «Парламенттик шайлоо ачык, калыс, таза өтсүн деп» - деп жатканыбыз менен байкатып, байкатпай да баары бир «сверхъестественный эрежелер» ойнолот окшойт.
Алдыда чындап эле чоң оюндар күтүп турат. Кудум «күч атасын тааныбагандай» ыкмакалар да кыймылга келчүдөй болуп.
Кытайдын улуу ойчулу Конфуцийдин жакшы айткан сөзү бар. «Называть вещи своими именами» деген. Анын сыңарындай, билмексен болуп, сылап сыйпай берсек да, же кандай боек менен сүрмөлөсөк дагы парламенттик мандат талаштагы кырчылдаш негизинен үч топтун ортосунда ойнолчудай болуп барат. (Жарышка түшкөн жана түшө турган ашепке кошоматчылыгы жана позициялары бат өзгөрчү адамдарды кошпогондо.)
Биринчи жана экинчи топ эки досянын тобу. Башкысы, бул топтордун колунда адиминстративдик ресурс деген бар. Адиминстративдик ресурс деген кандайдыр бир күчтүү техниканы элестеткен менен алар деле тирүү адамдар.
Башкача айтканда, бийлик бутактарында олтурган адамдар. Шайлоого ириде зор таасир берүүчү ушул мамлекеттик чиновниктер. Алар бийликтин жогорку тепкичиндеги адамдар кимди колдоо керек экендигин айтса, ошонун сөзүн эки кылбай аткаруучулар.
Мамык ордулары үчүн алар «чач ал десе, баш алып ийиптир» деген каармандар ошолор. Адатта, бийликтин эң калпыс катасы же трагедиясы дейбизби ошондо. Непадам кырдаал терс жагына өзгөрүп кетсе сымаптай кылт этип башка өйүзгө ириде ойт берип кетчүлөр дагы ошолор.
Ал эми үчүнчү топ учурда бийлик Ордосунан сыртта жүргөндөр. Саясий ландшафта «чоң калибрдеги» делгендер. Электораты да бар, чындап эле иштин көзүн билгендер да баррикаданын ушул тарабында ылайыкташып барат. Бул топтогулар жеңишти да, жеңилүүнү да, бийлик кумарын да, бийликтен сырт жүргөндү да көргөн топ.
Ошол эле учурда карталарын ачык ачышпаса да ыңгайлуу жагдайды күтүп, кези келген учурда контр чабуулга өтүүгө бардык жактан шайма-шай турган «Темный лошадь» дегендер дагы ушул топко жакын турат.
Ал эми калган «күчтөр» дал ушул топтордун бирөөсүнө кошулууга же алардын бири менен соодалашууга, сыпайыраак айтканда союздашууга аргасыз болчулар.
Ошол эле учурда аталган үч топтун ортосунда тышкы күчтөр да өздөрүнүн олуттуу таасирин сөзсүз тийгизбей койбойт. Азыртан эле алар өлкө ичиндеги бийликтеги жаатташууларды, чырларды жана башкаларды көңүл чордондорунан албай, андай көрүнүштөрдү жаза кетирбей турса керек. Себеби, бийликте каршылаштар канчалык арбын болсо, тышкы күчтөр үчүн ошончолук пайдалуу.
Ошентсе да башкы күч да, жеңиштин ээси да эл болушу керек!
Кезинде далай өлкөлөр кулчулукта жүргөндө башка түрк уулдары менен биргеликте (4-кылымда) килейген Европаны багындырган, Түштүк Чыгыш Азияда «Улуу Кыргыз каганатын» түзүп, кең Азияда ат ойноткон эркиндиктин шумкарлары эле го, биздин эл.
Канчалаган өлкөлөр жалпы адамзаттын жашоо турмушунда жазылбаган түбөлүктүү мыйзамдары менен жашай албай жатканда кыргыз өзүнүн каада-салты, салт санаасы менен далайларды суктандырганчы.
Андыктан, бул ириет ошол улуу элдин урпактары жаңы парламенттин аренасына мыктынын мыктысын да сууруп чыгышат дейли. («дарбыз тандаганды да, мал тандаганды да билген менен депутат тандаганды билбей келдик, го...» ушуга чейин.)
Эмнеси болсо дагы мансап үчүн Кыргызстандын келечегин садага чаба тургандар эмес, эл-жердин келечеги үчүн мансабын садага чаба тургандар, элдин, мекендин укук-кадырын баарынан өйдө койгондор колдоо таба турган ачкыч элдин колунда турат, азыр!
Кенжебек Арыкбаев, журналист
Булак: NazarNews.kg