www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күнболот Момоконов: «Капсуласы көп, «капустасы» жок өкмөт»

Күз аяктады, эмне эккенбиз, эмне алдык, эмне кылышыбыз керек эле деген өкмөттү да көргөн жокпуз. Мындай пикирин журналист Күнболот Момоконов өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Кадырлуу элге калп айтпаш керек. Биздин жетекчилердин адашканы ушул жерде жатат. Экономикалык абалыбызды эл да жакшы билет. Ошол үчүн унчукпай, үмүттүү карап, жаркыраган жарыкты күтөт. Ал эми кыргыз бийлиги көп учурда, көрүнүп эле тургандай, катып калган «майрык өтүгүн» маасыдай чоюп сулуу көрсөткүсү келет.

Кадырын калп эле, калп менен көтөргүсү келген кыргыз бийлигинин бир тобу урабадыбы. Демек, кыргызга өлүп баратсаң да калп айтпаш керек. Ошонун азабы башкасын айтпаганда да, саясий туруксуздуктун кесепетин жаратууда. Электр энергиябыздын деле абалын жакшы билебиз. Ал жакта бааны көтөрүүгө чын эле муктаждык бар экенине карабай, тиешелүү министрлик болуп жаткан фактыларды ачык айтып чечүүгө бел байлабай, башында баа көтөрүлөт деп бирди айтып, кайра мурдагы тариф калды деп экинчини айтты.

Эл түшүндү. «Коомдук чыңалуудан коркушту» деди түз эле. Көрүп турат да, тажиктен сурап жатканыбызды, күндө жарык өчүп жатканын. Мунун баарына быйылкы кургакчылык, суунун тартыштыгы негизги себеп болууда. Бул жерде да бийликтин оркойгон каталары көрүнүп турат. Сууну ырааттуу пайдалана албай коюшту. Табияттан берилген тиешелүү сууга козөмөл кыла албай, ошону дыйкандарга тегиз жеткирүү механизмин иштеп чыкканга жараган жок.

Жазында сууга кезек укмуш болду. 3 сотка жемиш чарбагыбызга суунун кезеги 1 ай 17 күн дегенде келди. Анын кесепетинен гүлдөгөн алмалардын көбү күбүлүп түштү. Бул менин жоготуум. Менин жоготуум, ал -  мамлекеттин жоготуусу. Ар нерсени айтып, ал жакта да алдамай менен эле алек.

Сууну мындайда туура жолун таап пайдаланса болоорун саргара күтүп, араң жетип сугарып жатканда түшүндүм. «Биз көп учурда зарылчылыктын үстүнөн, иштин жолун таап изденбейт экенбиз» деген ой келди. Болбосо, сууга массалык тартыштык болуп турганда «1 чарчы метр жер суу ичпей калбасын» деген жол көрсөткөн өкмөт башы, министр, аким, айыл өкмөтү болгон жок.

Беш сотканы айтпай эле коёлу, 10 сотканын 5 соткасын өлтүрө сугарбасаң да, өлтүрүп албай турган кылып сугарганга 4 же 5 саатка 10 куб суу (эми бул шаар тегерегиндеги аймактарга карата айтып жатам) жакшы эле жетет экен. Бирок, кезектин көп экенине, суунун тартыш экенине карабай ошол 5 же 10 сотка тилкеге кезеги келгенде эртең мененки 7ден, кийинки күндүн саат жетисине чейин сугарууга берип жатышты.

Ал суулардын айрымы ал жерден ашып ай-талаага кетип жатса, айрымдарын кийинки кошунасы буруп алды. Факт - сууга акча төлөп алып келген киши эле кезек күтүүдөн кетпесе, тиги саркындысына сугарып алган адам кезекте кала берди. Эми ой келет да, ошону туура, тегиз жеткирүү үчүн алгачкы сууатты ысыкка алдырып койбош үчүн, ар бир тилкеге же айдоо жерлерге тиешелүү саат бөлүп, кезекти өткөрүп берүү механизмин киргизип койсо болот эле да.

Канчалык кезек азайса, кийинкисине да жакшы болуп, кезек эрте жетмек. Маселен, 10 куб суу менен күнү-түнү эсептеп (48 саат аларга 8 сааттан) 1 күндө 5 участок суу ала турсун деген тартип киргизсе, учурунда тегиз сугарып калуу менен бирге үнөмдөө да болмок. Жок, алакандай тилкесинде аңкылдаган суу ар жакка агып, таң атканча жатканы көп болбодубу. Колунда турган, табияттын аз болсо да берген суусун туура тартип менен пайдалануунун жолун издебеген жетекчилер, аңкайып ак тоону карап, күл чачып агызып түшүш керек же күн жылып суу көбөйгөнчө күтүш керек деп турушпадыбы.

Кээ бири ар бир канал баштарын кыдырышты. Аны пресс кызматы «Асан Асанович күндө каналдарды кыдырууда» - дегенде күйбөдүкпү. Каналдарды кыдырып койгондон суу көбөйүп кетсе, аларды алып барып ошол жерлерге күнү-түнү байлап деле салат элек го! Бул да эл көзүн будамайламай, салттуу алдамай саясаты эле болду. Жол издебейт экенбиз.

Кыргызстан элинин 70 пайызы айылда турат. Ак үйдөн чыгып арыш аттасаң эле айылдарга анан айдоо аянттарга кирип кетесиң. Шаар деле жок. Демек, эл тирилиги, экономикабыз айылдардан турат деген эле сөз. Ошону тескеген Айыл чарба министрлигинин бар-жогу билинбейт. Жазда сугаттан аксап калды эле, аз түшүм алса да аны кымбатка сатып калсын деп абалын сураган министр жок. Бактыларына дүйнөлүк кризис болуп, баа асман чапчыганы мактаныч сезилип жатса керек.

Күз аяктады, эмне эккенбиз, эмне алдык, эмне кылышыбыз керек эле деген өкмөттү да көргөн жокпуз. Жогорку Кеңешке келип күз түшүмүн айтканы, аны сураганы да байкалбайт. Депутаттарыбыз «рахмат» сөзүнүн тегерегинде жүрүшөт. Ач бала менен ток бала ойнобосуна ынанасың да...

Деги, Марипов кайда жүрөт? Даталуу күндөрдө пакет көтөрүп, сыпайы сүйлөп, сый тамактарда жүргөнүн эле көрүп калдык. Пиарщиктердин алдамчылыгы «мыкты» көрүнө берген коомдо, аларды туурап Марипов деле ошондой пиардан башы чыкпай калгандай. Айтсаң арман күү чалгандайсың, айтпасаң булардын аракети менен талаада калгыдайсың.

Өндүрүш деген болсо өлдү. Көз таппагандары бар акчаны кайдагы акча алып келбеген тармакка жумшап жатышат. Жол, жарыктандыруу, оңдомой, шыбамай. Жолу жыртылып, жарыгы өчүп бүттү. Капсула эле салышат, «капустасы» көрүнбөйт. Айтор, алдап жалтырак көрүнө бергенден жадабадык. Кыш босогосун аттадык. Эшикте кар. Күз түшүмүнөн отчёту жок дудук болуп, кыш камына өтүп кеттик. Көмүр баасында дагы алдамай.

«Кыргызкөмүр» жетекчиси айтып жатат: Көмүр жок эмес, бар. Кымбаттабайт. Кара-Кече көмүрүп жеринде тоннасы 1130 сомдон сатылып, борбордо 3330 сомдон сатылып жатат дегендей. Ошол баада сатып алган кыргыз болсо айтсынчы. Көмүрдүн 1 тоннасы 4500 сомдон сатылганына 1 айдын жүзү болду. Азыр базарда көмүр жок. Түшкөнүн түшкөндөй талап жатат. Ар жерде мешогун көтөрүп кезек күткөнү андан көп. Жакыпов калпты айтып карап отурат. Бааны көзөмөлдөгөн бир кызмат жок. Алып келгендердин каалаганына коюп койдук.

Биз эл салыгынан кызмат аркалаган, бирдиктүү системалуу өнүгүүнүн жолун издеген мамлекет болобузбу же калп көрсөткүчтөр менен жылтырап жыл санап чөгө берген өлкөгө айланабызбы?», - деп суроо салат Момоконов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости