www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-январда туруксуз аба ырайы күтүлөт

9-январда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Дүйшөмбүдө көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде катуу жаашы мүмкүн. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай маалыматты Кыргызгидрометтен таратышты.

Абанын температурасы

Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +2...+7,

Талас аймагында +1...+6,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9,

Нарында -4...-9 градус суук болору болжолдонду.

Бишкек жана Ош шаарларында да мезгил-мезгили менен кар жаап, күндүн табы борбор калаада +4...+6,

Ош шаарында +7...+9 градуска чейин жетет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости