www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Жээнбеков президент болгон кезде Зилалиев кармалып «Оптима банктын» банк ячейкасынан миллион доллар табылганы тууралуу видео тарап, элдин аң-сезиминде сакталып калган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекет комитет тергөө жүргүзүп жатканда эле Зилалиев «миллион доллар меники эмес, ошол кездеги президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгүнүн акчасы болчу» деп айткан. Бирок Жээнбеков президент болуп тургандыктан аны эч ким суракка алган эмес, УКМК да «жок, бул миллион доллар сеники» деген жүйө менен сотко өткөрүп берген. Азыр экс-президент башка жарандардай эле укукка жана милдетке ээ болгондуктан Жээнбеков сотко 2021-жылдын  3-февралына чакырылган. Арийне, ал кезде сыртка чыгып кеткен Сооронбай Жээнбеков катыша алган эмес. Бүгүн 15-мартта шаардык сот болуп, алар райондук соттун чечимин бекемдешти.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2020-жылдын 5-октябрындагы өкүмү менен Зилалиев «Мыйзамсыз баюу» деген берене боюнча тогуз жылга эркинен ажыратылган. Жактоочулардын апелляциялык арызы боюнча бул ишти азыр шаардык сот карап жатат. Башкы прокуратура Зилалиевге 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турганда өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган деген жүйө менен «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында камакка алынып, азыр УКМКнын тергөө абагында кармалып турат.

Бүгүнкү күндө өлкөдөгү кырдаал өзгөрө баштагандыктан, мурдагы бийлик саясий көз карашы үчүн соттоп ийген кээ бир адамдарды актоо жүрүүдө. Андай мүмкүнчүлүк Зилалиевде да барбы, ал өзү айткандай саясий түткүн болсо өз кадыр баркын, аброюн кайтара алабы. Зилалиевдин адвокаты Таалайгул Токтакунова жооптору мындай:

-Биринчи май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевке “мыйзамсыз баюу” беренеси боюнча күнөө коюп 9 жылга эркинен ажыраткан, шаардык сот колдоду. Бул иш боюнча сиз аппеляциялык арыз бересизби?

-Ооба, албетте биз ал сот өкүмү менен макул эмеспиз, себеби аны таптакыр мыйзамсыз деп эсептейбиз. Ал өкүмдү чыгарганда жана бул ишти териштирүүдө сот тарабынан көп жолу мыйзам бузуулар болгон, ал жөнүндө биз биртоп жолу айтып чыкканбыз. Бул адам акталышы керек, биз ошону гана көздөп жатабыз.Бул ишти кароодо толгон токой одоно мыйзам бузуулар тергөө тарабынан да, сот тарабынан да болгон. Азыр иштеп жаткан кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык өкум чыккан күндөн тартып беш сутканан ичинде ал өкүмдүн копиясы соттолгон адамга, коргоочусуна жана күнөөлөгөн тарапка жеткирилиши керек.Бирок биз ушул күнгө чейин ал копияны алган жокпуз.Бул факт сотто күнөө ыкчам даярдалганын, ал эми соттолгон себебин дагы эле  “ойдон чыгарып”  жатышканынан белги берип турат. Өкүмдүн көчүрмөсүн албаганыбызга карабай, биз тараптан эртеси эле аппеляция берилди, бирок аны сот Бишкек шаардык сотко жөнөтпөй кармап турат. Анын себебин отуз күндүк мөөнөттү күтүш керек деп түшүндүрүштү. Андан тышкары ал материалдар сот канцеляриясына өткөн жок.

Тергөөнун билдирүүсү боюнча, Зилалиев Мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жетекчиси болуп турган учурда он үч компанияга тоо кен казууга мыйзамсыз лицензияларды берген деп айыпталган. Өз версиясын далилдеп бере алыштыбы? Бул суроо боюнча коргоочунун позициясы кандай?

- Силер абдан туура айтып жатасыңар. УКМК башында Зилалиев 13 фирма менен мыйзамсыз иш жүргүзгөн деп шашылыш түрдө билдирген, бирок тергөө учурунда алты компания электен өтпөй калган. Акыркы кунөө коюуда жети компания деп айтылды, анын үчөөндө гана лицензиясы болгон, алар да геологиялык чалгындоого уруксаат деген лицензия. Эмне жөнүндө кеп жүрүп жатканын адисттер түшүнөт. 15 менен үчтүн айырмасын карагылачы!

Биринчи күндөн баштап эле фальсификация орун алган. Андан ары карасак, жети фирманын тең өкүлдөрү, анын ичинде лицензиясы бары да Зилалиевдин аларга эч тиешеси жок экендигин айтып чыгышты. Андан кызыгы, беш компаниянын өкүлдөрү Зилалиевди ошол сотто биринчи жолу көрүп жатышканын, мурда ал кишини телевизордон эле көрүп жүрүшкөнүн айтышты!

Эми мыйзамсыз лицензия бергендиги боюнча. Ал протоколдон Зилалиев ал комиссиянын отурумунда болбогонун жана добушун бербегенин көрдүк. Андан тышкары биз тараптан өз ыйгарым укуктарыбыздын чегинде адвокат катары комиссянын кээ бир мүчөлөрүнөн сурамжылоо жүргүзүлдү. Сурамжылоодо алар мыйзам чегинде добуш беришкенин, Зилалиев эч кандай аларга басым көрсөтпөгөнүн бир добуштан көрсөтмө беришти. Сотто биз ошол комиссия мүчөлөрунө сурак жүргүзүлсүн деген өтүнүч менен кайрылдык. Ал комиссия мүчөлөрүнүн кээ бири көрсөтмө берүүгө даяр экенин билгизип сотко келип беришти, бирок сот Эсенбаева ал өтүнүчүбүздү аткаруудан баш тартып,коргоочунун күбөлөрүнө сөз берген жок. Бул көрүнүш соттун ал ишке кызыктар экенин далилдеп турат жана коргоочу менен айыпталуучунун укуктарын одоно бузганы.

-Басма сөз каражаттарында Зилалиевдин жубайына карата иш козголгондугу тууралуу айтылган. Ал Латвия банктарынын биринде мыйзамсыз акчаларды сактоо фактысы боюнча күнөөлөнгөн. Ушул иш да Зилалиевдин ишинин ичинде каралганбы? Эгер каралса, бул акылга сыярлык ишпи?

-Жок. Бул факт менин кардарымдын кылмыш ишинде каралган эмес. Бирок бул фактыга кененирээк токтолуп кетиш керек деп эсептейм.Чынында эле, биздин УКМКнын өтүнүчүнүн негизинде 2019-жылдын март айында Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Зилалиевдин жубайы жана алардын үч өспүрүм балдары арам акча сактоо боюнча шектелип иш козголгон. Эмне үчүн өспүрүм балдары да экенин түшүдүрүп кетейин. Зилалиевдин жубайы ошол банкта балдарына эсеп ачкан. Ал эсеп билим алууга деп ачылган. Ал жакта батир сатылгандан түшкөн 42 миң доллар жатат. Ар бир балага 14 миң доллардан. Болду, ошол эле. Ал эсеп 2017-жылы ачылган. Ал таза эле топтоо эсеби!!!  Дагы бир кайталайм. Топтоо эсеби, “операционный” эсеп эмес!!! Мындайча айтканда, ал эсеп аркалуу бир доллар да эч жака которо албайсыңар, анан кайдагы миллион жөнүндө УКМК кеп кылып жатат? Бул УКМК нын Зилалиевди каралоо үчүн берген жалган маалыматы.  Сөзүм күрү болбош үчүн айтылган эсептен үч жыл ичинде бир тыйын да эч жака которулбагандыгы жөнүндө банктын көчүрмөсүн мен силерге көрсөтө алам. Ошондуктан ошол банктык эсеп аркылуу миллиондогон доллар которулду деген кеп өткөн бийликтин жөн гана жалаа жабуусу, жалган иши.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости