www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бекер эт капканда эле болот», алтынды аймап, бекер жегенге көнүп калган Үкүбаев Элмырза аны бийликке алып келгендерди уят кылып колго түштү. Ал үч ай «Кыргызалтынды» тейлей элек жатып пара менен кармалды. Алтынды аймагандардын мыктысымаагы ушул болчу. Атасы Орловкадагы кенде ЗИФти тейлеп алтын менен ойноп, миллиарддарды тейлеп турган. Буга эмне жетпейт эле? «Кыргызалтындын» жетекчисинин айлыгы жана «Кумтөргө» директорлор кеңешинин мүчөсү катары ушул заманда 90 миң доллар айына тапкан Үкүбаевдин бул акча кепек эле. 100 миң менен бир ресторанга кирип койчу Үкүбаев дагы бир ресторанга киргиси келдиби же муну аңдып жүргөн «ач келемиштердин» «подставасыбы?» Алтынды сүйгөн «ач келемиштер» мурундары менен шимшилеп, шилекейин агызып, көздөрүн жайнатып, тилдерин лапылдатып эки оюнунун бири оюу эле алтындын башына келүү.

«Кыргызалтынга» тиешелүү «Макмалалтын» деген ишкана бар. Бул жердеги «ач келемиштер» Кытайлык инвесторлорго акедей асылып атып, Макмал алтынды «лоббировать» этип, «Кыргызалтын» менен биргеликте ЖЧК түзүлгөн. Бул ЖЧКнын 66 пайызы Кытай инвесторлорунуку, 34 пайызы гана кыргыздарга тиешелүү. Мунун түзгөнүм үчүн эмгек акым деп, Кытай инвесторлорун жергиликтүү аймактын эли менен коркутуп жатып, ЖЧКга берилген акчалардын 14 пайызын өзүнө «доля» кылып алышкан. «Макмал Голд Компани» ЖЧКсындагы «ач келемиштер» шилекейин агызып «Макмал» алтын комбинатын кайрадан ишке киргизүү үчүн инвесторлордон мурунку бийликтегилерге берем деп 300 миң доллар да алышкан. Аны да жөн алышпай мен куда-сөөктү сүйгөн Сооронбай Жээнбековдун карачечекей күйөө баласы болом деп, апыртып жатып, ортого түшкөн. Бул 300 миң долларды эч кимге бербей капчыгына урган. Андан тышкары Кытайды ар кандай жол менен шантаждап жатып аткаруучу Башкы директор болуп өз айлыгын 180 000ге көтөрүп, ага тойбой ЖЧКдагы алтынга, дүйнө мүлкүнө кол салып, уурдап, тоноп жегени ашмалтай болуп, тажагандан аны бошотуп, директорлор Кеңешинин төрагасы кылып койсо, Кытай инвесторлорун кетирүү үчүн тогузторолуктарды акчага сатып алып, ар кандай шантаждар менен инвесторлорду кетирүү үчүн мыйзамсыз иштерге барган. Инвесторлор арыз жазса Опумбаев көңүл бурган эмес, жаңы УКМКны жетектеген Камчыбек Ташиев бул ишке белсенип кирерине шек жок. Эми күлкүнү келтирип «ач келемиштер» «Кыргызалтынды» талашканы турат. Мындай «ач келемиштер» тезек тыштагандан өйдө «коендун жатагына» чейин коомдук ишмер Кайып Шер билет. Андай элдин камын ойлогон жигиттер «Кыргызалтынга» таза адамдар келип, эл үчүн кызмат кылып берсе деген тилекте. Буюрса Кайып Шер менен кеңири маек куруп «ач келемиштердин” ким экенинин бети ачылат.

«Макмал» алтын комбинатында алтын түгөнүп мурун иштетилгендерди кайра иштетип жатышат. «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын программасына ылайык, алтын комбинатындагы иштетилген топуракты жана калдыктарды сактоочу жайды текшерип чыгышкан. «Макмал» алтын комбинатындагы 8 миллион тонна иштетилген топурак калдыктарынын 4 миллион тоннасына чалгындоо жүргүзгөн. Натыйжада ал жакта 3 тонна алтын запасы бар экени аныкталды. Андан сырткары, комбинаттын калдыктарды сактоочу жайын да 2 миң метрдей бургулап, ал жерден да алтын бар экенин аныктадык. Бүгүнкү күндө Орусия жана Кытайдын калдыктарды сактоочу жайларды иштетүүчү компаниялары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан. Ортодо «шапке» деген балакетинен «ач келемиштер» 300 миң сом алганы чагылгандай тарады. Эми булар чабуулду «Кыргызалтын» ААКсынын төрагасынын ордун алууга багыттап жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости