www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы депутат Аскарбек Шадиевди издөө иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, УКМК АКШнын компетенттүү мамлекеттик органдары тарабынан Аскарбек Шадиевди кармоого көмөктөшүү өтүнүчү менен АКШнын элчилигине кайрылды.

“Аскарбек Шадиевге карата УКМКнын тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө легалдаштыруу (адалдоо)) фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.

Сот тарабынан ага карата сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы каралып, Интерпол тарабынан эл аралык издөөгө алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости