www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун авторун таппай жатышат. Мындай пикирди саясатчы Жеңиш Молдокматов NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 24- февралда билдирди.
--“Кыргызстанда 30 жылдан бери президент болгон эле адам ишти Баш мыйзамды өзгөртүүдөн баштайт. Өздөрүнө ынгайлуу кылып жазып, туура эмес багытка түшүп алышат. Көптөгөн башка мамлекеттерде бир гана конституция менен иштеп келе жатышат. Алар экономиканы көтөрүп анан башка ишке кадам ташташат. Кыргызстанга президент болгондор экономикалык реформадан баштап, мамлекетти чыңалта турган, элге керектүү, пайдалуу иштерден баштаса туура болмок.
Азыркы бийлик дагы “Баш мыйзамга карата Конституциялык кенешме түзүп, бир жылдан кийин шашпай талкуулап, бышырып элдин талкуусуна койолу” дегенге болушкан жок. “Бизде парламенттик шайлоо өткөрүп, андан кийин президенттик шайлоону өткөрүп алып бул ишти баштайлы” дедик. Садыр Жапаров президент боло электе эле анын жаңы командасы демилгелеп, Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу үчүн парламентке демилгечи кылып киргизип койду. 76 депутат демилге кыла албайт. Бул өтпөй калганда, президенттин милдетин аткаруучу мыйзамсыз эле конституциялык кеңешме түзүп, аны иштеп чыгууну тапшырып салды. Шашылыш түрдө долбоорду жазып чыгышты. Бул жаңы долбоордо конституциялык кеңешме демилгечи болсо, депутаттар өзгөртүү киргизе алышпайт экен. Учурда Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун авторун билбей жатышат. Бирок, биз коркпой эле айталы, баарыбызга белгилүү болгондой анын автору Садыр Жапаров”, - дейт Молдокматов.
Булак: NazarNews.kg