www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар аткезчилик боюнча үч бажы кызматкери кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Бажы кызматынын өкүлү Рахмонали Рахимзода 18-февралда билдирди.

Анын айтымында, окуя былтыр ноябрда Душанбе эл аралык аэропортунда болгон. Бажы кызматкерлери алтын менен ири өлчөмдөгү акчаны Ооганстандан Тажикстан аркылуу Дубайга (БАЭ) жөнөтүүгө аракет кылышкан.

«Төмөнкү Пяндж» көзөмөл-өткөрмө бекетинде иштеген үч бажычы «шалаакылыкка» жана «документтерди тиешелүү деңгээлде текшерген эмес» деп айыпталууда.

Бул иш боюнча жалпысынан Тажикстандын жети жараны айыпталуучу катары өтүүдө. Алардын баары кармалып, ишти Башкы прокуратура тергеп жатат.

Азырынча кармалгандардын аты-жөнү айтыла элек. Айрым басылмалар бул ишке Шугноаск алтын кенинин мурдагы башчысынын эки уулунун тиешеси бар экенин кабарлап жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости