www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын август айында эки адам Ш.М. жана М.Р. Бишкек шаарынын жашоочусуна жалпы ишкердик менен алектенүүнү сунуштаган.

Алар дары-дармек жеткирип берүүнү убада кылышкан. Бул үчүн 90 миң доллар алган эркектер убадасын аткарбай, качып кетишкен. Алданган ишкер шериги 2020-жылдын декабрь айында милицияга кайрылып, бул факты ERPPде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренеси ("Алдамчылык") менен катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости