www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин Администрациясынын мурунку башчысы Алмаз Үсөнов 2-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке суракка чакырылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал УКМКда эки сааттай болгон. «Сурак учурундагы маалыматтарды ачыкка чыгарбоо боюнча кол койгондуктан толук маалымат жок»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, президенттик шайлоодо Үсөнов талапкер Абдил Сегизбаевдин штаб башчысы болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости