www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Украинага аскердик жардам берет

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага 125 миллион долларлык аскердик жардам берет. Анын ичинде өлкөнүн аймактык сууларын коргоо үчүн патрулдук катерлер, артиллерияга каршы радарлар жана аскердик курал-жабдык бар.

Пентагондон билдирүүсүндө АКШ конгресси бекиткен калган 150 миллион долларлык аскердик жардам Украинада "коргоо жаатында маанилүү реформаларда прогресс байкалганын Мамлекеттик департамент жана Коргоо министрлиги ырастаган соң" бөлүнөөрү айтылат.

Ошондой эле АКШнын Коргоо министрлиги Украинаны куралдуу күчтөргө жарандык көзөмөлдү күчөтүүгө, коргоо өнөр жайында ачыктыкты камсыз кылууга жана НАТОнун принциптери менен стандартына ылайыкташтыруу боюнча реформаларды тездетүүгө чакырды.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан бери куралдуу чатак уланып келет. Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алган соң Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары орусиячыл жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн.

Ал топтор аймакты "Луганск жана Донецк элдик жумурияттары" деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет. Бул согуштук аракеттердин жыйынтыгында 13 200дөй адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости