www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз сый акы алуу фактысы боюнча Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-февралында КР УКМК ККК сотко чейинки өндүрүшкө КР Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы менен биргеликте, Жалал-Абад областынын талап кылган акча каржатынын бир бөлүгүн алып жаткан учурунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон Райондук электр тармагынын юристи «А.Н.К.» кармалган.

Такталгандай, кармалган адам жергиликтүү тургундан, электр энергиясын өндүрүштүк керектөөгө пайдаланууга байланыштуу, салынган айып пул маселесин оң тарапка чечип берүү үчүн, 50 000 сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган, ал эми анын негизги бөлүгүн мурда алган.

Азыркы учурда бул факт КР Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости