www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бул кыска видеодо көпкөн бир кытайдын гана дарылдап кыйын болгонун көрүп жатасыңар. Болгону ошол эле. А силер билесиңерби канча кыргыздар Кытай жарандары тарабынан сабалып, уруп-токмокко алынган? Андай фактылар толтура, анча-мынча гана 5-6 мисал келтирейин.

2018 жыл, Сокулукта Кытай жараны кыргыз жумушчуларына кол көтөргөн. 2016 жыл, Бишкекте 16 кытай жараны ИИМ кызматкерин сабап салышкан, ошондо бул чыр жым-жым болуп жабылган. Ошол кезде башкы милиционер Мелис Турганбаев болчу, ал эми анын жакын адамдары кытайларга сойкуканаларды уюштурушкан Лермонтов көчөсүндө. 2014 жыл, Токмок шаарындагы Нефти кайра иштетүүчү завод (НПЗ). “НПЗде” 210 мыйзамсыз жүргөн кытай аныкталган, текшерүү учурунда кайра чыр чыгып, кытайлар мам.органдардын өкүлдөрүнө темир арматуралар менен кол салышып, аларды күчкө салып, кое бербей, кармап турушкан. Бул чыр жым-жым болуп басылган.

2013 жыл, Нарын, Кочкор району, Семиз-бел. Текшерүү учурунда документтери жок 80 кытай аныкталган, бирок текшерүү учурунда бир нече кытайлар Кочокор РИИБ кызматкерлерине кол көтөрүшкөн. Кийинчерээк Өкмөттүн бир бөлүмдөрүнүн биринен сырдуу “чоң” чалгандан соң иш кайра эле жым-жым болгон. 2013 жыл, Ош обл, Куршаб, 60 кытай кыргыздарга кол салып, 2 кыргызды барымтага алып, алардын ата-энесин, кийинчерээк келген ИИМ кызматкерлерин кошо сабап, чырдын жыйынтыгында 24 киши жаракат алып, анын ичинен 4 ИИМ кызматкери көк-ала болушкан. Жыйынтыгында бейбаштык боюнча кылмыш иши козголгон, бирок акыры иш жым-жым болуп бүттү. 2012 жыл, Чүй, Кемин, “Алтынкен” кенинде кыргыз жумушчулары өз эмгек укуктарын коргогонго аракет кылганда кытайлар менен чыр чыккан, жыйынтыгында кыргыздар арматуралар менен уруп-сабалып 4 киши жаракат алып, баштары жарылып ооруканага кайрылышкан.

Такталбаган маалымат боюнча кытайлар бир атты бульдозер менен экиге бөлүп салышкан. Иш бара-бара акырындан жабылган, кайра жым-жым... Ал эми катталбаган-такталбаган канча деген “бытовой” чырлар, мушташуулар, кытайлардын кол салуулары Дордойдо, Таатанда, ийри өндүрүш жайларда болуп жатат, алар абдан көп, болгону мен – “тигил жерде тиги киши мындай-тигиндей кытайлардан сабалыптыр, урулптур”, дегенди угуп калам. Мындан 5-6 жыл мурун санаалаш-тилектештерим кошо “кытай маселесин” билдирүү, пресс-жыйындар, макалалар, тегерек-столдор – талкуулар, телеберүү, журналисттик иликтөөлөр, ЖК менен КР Өкмөтүнө сунуштар менен кайрылууларды кылып жүрдүк. Кайсыл жерге гана барбадык, канча деген кытайлар менен мыйзам бузууларды көрбөдүк, баардык жерде окшош маселе. Көрсө кеп кытайларда эмес экен, кеп өзүбүздө экен.

Биз ар бир көргөн-билген кытайлар менен проблемалуу жайдын жогору жактан “крышалары” табылчы. Тилекке каршы видеодогу көрүнүш ал бери жагы эле, мындай тенденция бара күч алат, анткени ал болгон жана азыр бар, жана анын эң негизги себеби – кыргыздын кыргызга болгон кайдыгерлиги."

Тимур Саралаев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости