www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мээримдүү жана ырайымдуу Аллахтын аты менен Индонезия/Азия суфий (тарикат) уламаларынын атайын жыйынынын фатвасы 

Катталган номуру: 01 / Kep / F - DUTI-A / X, 2018

Терроризмдик уюмдун жетекчиси Фетхуллах Гүлен жөнүндө Индонезия/Азия суфий (тарикат) уламалар кеңеши Хижрий 1440, 23-25-Мухаррам / Миладий

2018, 3-5-Октябрда:

Түркия мамлекетинде 2016-жылдын 15-июлунда жүзөгө ашкан жана 258 кишинин өмүрүн кыйган төңкөрүш аракетинен тартып, Индонезия/Азия суфий (тарикат) уламаларынын кеңеши Индонезияда жана Азия өлкөлөрүндө суфизмдин жана Ислам динин атын жамынып, ар түрдүү иш-аракеттерди жүргүзүп жүргөн Фетхуллах Гүлен уюмунун иш-чаралары жөнүндө, атайын жана тереңдетилген изилдөөлөр жүргүздү.

Изилдөөнүн алкагында төмөндөгү маселелерге көңүл бурулду:

  1. Фетхуллах Гүлен ыйык Курандын аяттарын тафсирлөөдө ар түрдүү тариздеги
  2. бурмалоолорго жол берген. Мындай тафсирлөө методу Куран жана сүннөткө негизделген Ислам дининин акыйдасына төп келбейт. Жадагалса, Ислам дининин акыйдасына зыян жеткизет.
  3. Фетхуллах Гүлен (адегенде) өз пикирлерин Саид Нурсийдин атын жамынып жайылтууга жетишкен. Бирок терең изилдөөлөрдөн соң, анын Саид Нурсийдин пикирлерин да бурмалагандыгы жана муну мусулман коомчулугунун, мусулман жаштарынын, өзгөчө университеттерде билим алып жаткан студенттердин көңүлүн буруу үчүн жасагандыгы айкын болгон.
  4. Анын бардык иш-аракеттери жана пикирлери, өзгөчө тасаввуфка (тарикатка) байланыштуу пикирлери туура эмес, ошону менен бирге классикалык маанидеги тасаввуф түшүнүгүнө зыянын жеткизбей койбойт.
  5. Фетхуллах Гүлен уюмунун жана жамаатынын кыймыл-аракеттери бир гана диний же коомдук организация болуп эсептелбейт. Аты аталган уюм сионизм менен тыгыз мамиледе болгон диний жана коомдук уюмдардын аты менен иш жүргүзгөн жамаат болуп саналат.

Жогорудагы негиздерге таянуу менен бирге Индонезия/Азия суфий (тарикат) аалымдарынын кеңеши төмөндөгүчө чечим кабыл алды:

1. Фетхуллах Гулен жана анын жолун жолдогондордун аткарган иш-аракеттери жана бул иш-аракеттерге катышуу арам. Фетхуллах Гулен жана анын тарапташтары тообо кылуулары жана бардык мусулман коомчулугунан кечирим суроосу зарыл. Өзгөчө 2016-жылдын 15-июлунда аткарган төңкөрүш иш-аракеттери боюнча Түркия мамлекетинин элине беделдүү жооп берүүсү шарт.

2. Оболу Индонезиянын президенти, андан сырткары бардык өлкө башчылары, аалымдары өз өлкөлөрүндөгү алардын иш-чараларына чекит коюуларын, Ислам акыйдасына зыян жеткизген бардык китептерин окууга тыюу салууларын, ошону менен бирге бул китептерди жыйнап салуусун талап кылабыз.

Бул фатва бардык мусулмандарга тийиштүү таризде жогорудагы датада берилди. Бул фатванын жоопкерчилигин Алла Тааланын назарында моюнга алабыз.

Төрага: Профессор Ахмед Рахман

Жакарта, 25 Мухаррам, 1440 / 5-октябрь, 2018. Индонезия/Азия суфий (тарикат) уламаларынын кеңеши

Динвану аль-уламанын жетекчиси: Шейх Мухаммед Ханефи Аль-Раббани     

Катчы: Др.Зубейр Ахмед 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости