www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аалы Карашев акыркы үч жылдагы Улуттук банктын бюджетинин киреше бөлүгүнүн көлөмү канча экенин сурады.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 2017-жылы банктын кирешеси 2 миллиард 300 миллион, 2018-жылы 2 миллиард 103 миллион, 2019-жылы 2 миллиард 565 миллион сом болгонун белгиледи.

"Улуттук банк, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Салайдин Айдаров мыйзам долбоору Улуттук банктын кирешелерин 70 пайыздан 90 пайызга чейин бөлүштүрүүдөн республикалык бюджетке түшкөн которуулардын көлөмүн көтөрүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатууга багытталганын маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости