www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда абакта отурган 25 жаштагы жигит өз өмүрүн кыюуга аракет жасады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Талас облусундагы өкүлү Нурлан Абдыраимов Turmushка билдирди.

Маалыматка караганда, ал 2-июнь күнү Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылындагы убактылуу кармоочу жайга барган. Абактан 1995-жылы туулган И.Т. аттуу жигиттин оозеки түрдө даттануусун уккан.

И.Т. өз сөзүндө 30-майдан 31-майга караган түнү Талас шаарындагы убактылуу кармоочу жайда колунун кан тамырын 3 жеринен, андан кийин курсагын кесип, өзүн өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Андан кийин ага жардам көрсөтүлүп, Кызыл-Адырдагы абакка которулган.

Ал буга катар эле өлүм алдында ата-энесинен кечирим сурап кат жазганын билдирген. Бирок эмне үчүн өзүн өлтүрүүнү каалаганы тууралуу суроого өмүрү үчүн коркуп жатканын айтып жооп берүүдөн баш тартты. Бул боюнча арыз жазууга да макул болгон эмес. Бирок буга карабастан И.Т.нын оозеки даттануусу, сүрөттөр жана видео иликтөө үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости