www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Лебап облусунда ардагерлер Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 75 жылдыгына карата алган белектери үчүн өз чөнтөктөрүнөн акча төлөшкөн. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик облустагы сыйлык ала турган адамдардан белекке жана медалдарга деп 1000 манаттан (28,5 доллар) чогулткан.

Дарганата районунун тылда эмгектенген 90 жаштагы Атанияз аттуу тургуну алган белектери үчүн райондук акимчиликке 1000 манат төлөгөнүн, сыйлык алуу үчүн зарыл болгон документтерди да өзү топтогонун билдирди.

Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедов быйыл Жеңиштин 75 жылдыгына карата ардагерлерди мааракелик медалдар менен сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости